2024-жылдын 26-27-августунда Бишкек шаарында «Казакстандын көз карандысыз аккредитациялоо борбору» КЭМ (мындан ары – ККАБ) тышкы эксперттер үчүн «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында институционалдык жана программалык аккредитацияларды уюштуруу жана өткөрүү» темасында окутуу семинарын өткөрдү. Семинардын максаты – билим берүүнүн бардык баскычтарында институционалдык жана программалык аккредитациялоо процедураларын өткөрүүгө катышуу үчүн ККАБнын көз карандысыз эксперттерин окутуу жана даярдоо. Семинардын ишине жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү; баштапкы, орто кесиптик билим берүү; баштапкы, негизги жана орто жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Семинардын модератору – ККАБнын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Иманалиева Элмира Сансызбаевна. Семинардын ачылышында ККАБнын директору Халмуратов Бегалы Оразалиевич куттуктоо сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал ККАБнын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана келечеги тууралуу айтып берди. Семинардын ишине ККАБнын Аккредитациялык кеңешинин эл аралык мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, Польшанын Катовице шаарындагы В. Корфантий атындагы Жогорку Силезия экономикалык университетинин профессору – Дырка Стефан катышты. Өз сөзүндө ал ККАБнын Аккредитациялык кеңешинин иши, эксперттердин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. ККАБнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Абдурехменова Асылкуль Барыктобасовна аккредитациялоо процедурасын өткөрүүгө карата жаңы жоболорду жана талаптарды жарыялады, бардык эксперттерге ийгиликтүү, жемиштүү иш каалады. Пленардык бөлүктүн, ошондой эле секциялардын ишин семинардын спикери, методология, мониторинг жана сапатты камсыздоо департаментинин директору Сыздыков Ерке Калиакбарович, ошондой эле бөлүм башчысы Оразалиева Асель Бегалықызы улантты. Төмөнкү маселелер каралды: